Биз менен байланышыңыз

24-ноябрга карата аба ырайы

Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 400 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 24-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн: -1….-6; күндүз: -3…..2 C;

Таласта түнкүсүн: -3…..-8; күндүз: -4….-6°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн: -3…2; күндүз: -1…4°C

Ысык-Көлдө түнкүсүн: -3…..-8; күндүз: 0…3°C;

Нарын облусунда түнкүсүн: -8….-10; күндүз: -1…-3°C;

23-ноябрда Бишкекте күндүз жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3……-5 C, күндүзү -1…1°C.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM