Биз менен байланышыңыз

23-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 385 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 23-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: -2….-7… күндүз: -2…..3 C;

Талас облусунда

түнкүсүн: -3…..-8….күндүз: -2…..3°C;

Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: -2……3….күндүз: 1…..6°C

Ош облусунда

түнкүсүн: -2…..3….күндүз: 1…..6°C

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: -1…..-6….күндүз: 0……5°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: -4….-9…..күндүз: -1…..4°C;

23-ноябрда Бишкекте күндүз ала булут каптап, түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2……-7 C, күндүзү 1..…3°C.

Copyright © 2017 Maral FM