Биз менен байланышыңыз

Балды тазалоочу лаборатория ишке кирди (фото)

Экономика | 20 Ноя 2019 | 894 | 0

Бишкекте табигый балды жана бал кошулган продукцияларды өндүрө турчу “ БАЛ АМАН” ишканасы ачылды. Аталган ишкана балды тазалоочу лаборатория, техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Анда бал таңгакталып экспортко даярдалат. Учурда ишканада 46 кызматкер иштей баштады. Эми анда эл аралык стандартка жооп берген балдын 5 түрү чыгарылат.

Кыргызстанда бал челек кармагандар көбөйүп, эл балдын кайсы түрү дарылык касиетке ээ жана күчтүү экенин айырмалап калышты. Табигый бал дүйнөлүк рынокто 2-орунда турат. Эми “Бишкек” эркин экономикалык аймагында балды тазалоочу лаборатория ачылды. “БАЛ АМАН” аталышындагы ишкана АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин колдоосу менен керектүү бардык жабдуулар менен жабдылды.

Бишкек экономикалык аймагынын башкы директору Дүйшөн Ирсалиев СССРден кийин көп заводдор жабылып калганын айтты. Бирок 4 жылдын ичинде суроо-талап күч болгон  продукцияларды өндүрүүчү ишканалардын ачылганы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

-“Бишкек” эркин экономикалык аймагы ачылганына 24 жыл болду. Акыркы  4 жылда уникалдуу ишканалар ачылып жатат. Башкача айтканда, аз убакыттын ичинде чет элдик гранттардын жардамы менен жабдуулар алынды. Мисалы, быйыл радиаторлорду чыгара баштадык. СССР ден кийин көп заводдор жабылып, иштен чыккан. 

«Aman Green Food» ишканасы 2013-жылдан тарта, табигый балды АКШ, Жапония, Кытай жана араб өлкөлөрүнө туруктуу экспорттойт. Акыркы 4 жылда 3 млрд 950 млн сом мамлекеттик бюджедке киреше алып келген. Быйыл 3 млрд 416 сомдук товар өндүрүлүп, чет өлкөлөргө экспорттолду.

Бишкек экономикалык аймагынын Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Эдилбай Турдуматовдун айтымында, бул жерде өндүрүлгөн азыктардын 60%ы экспорттолот. Алдыда жеке ишкерлер менен биргеликте дагы ишканалар ачылат.

-Негизинен, бизде өндүрүлгөн товарлар сыртка экспорттолот. Ички базарга өндүрүлгөн товардын 40%ы чыгарылат. Сырттан келген товардын баасынан арзан, ошол эле учурда табигый продукцияны гана чыгарабыз. Биз ушуну менен эле токтоп калбайбыз, дагы башка продукциялардын түрлөрүн чыгарабыз.

АКШ эл аралык өнүктүрүү агенттигини өкүлү Хавьер Пиедра Кыргызстандын балы дүйнөдөгү эң мыкты бал экенин айтып, ал АКШнын чоң шаарларында сатылып жатат деди.  Америкалыктар Кыргызстандан барган табигый бал менен камсыз болгонуна жана кыргыз ишкерлери менен иштешип жатканына кубанычта экендигин жашыра алган жок:

Кыргызстан менен кызматташуунун дагы бир жолу, ата мекендик продукцияны өндүрүүгө жардам берүү , ошондой эле жаш ишкерлерди колдоо максатында гранттар жана техникалар менен камсыз кылабыз. Кыргызстандыктар өз өлкөсүндө табигый продукцияны өңдүрүү менен өсүп- өнүгүшүн каалайбыз. Жумушчу орундарды түзүү менен сиздер менен биргеликте максаттарыбызды ишке ашырабыз. Америкалыктар табигый балды жеп жатканына кубаным турам. Мен  Кыргызстан менен узак мөөнөттүк экономикалык багытта кызматташабыз го деп ойлойм, — деди.

Өлкөдө алты чоң бал аарычылык кооперативдер ачылып, 2200гө жакын балчылар иштешет. Бүгүнкү күндө балчылар жаңы ыкма менен иштеп жатышат. Мисалы, лаборант-технолог Назгүл Ишенбаева лаборатория сертификат алса, балдын көрсөткүчтөрүн аныктоого мүмкүн болорун айтат:

-Бизге керектүү заманбап, техникалар менен жабдылдык. Эми техниканын жардамы менен балдын көрсөткүчтөрүн аныктайбыз. 

Эми АКШ эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги “Бишкек” эркин экономикалык аймагында 250 чакан жана орто ишканаларды керектүү жабдыктар менен камсыз кылат. Ал үчүн гранттык негизде акча бөлүнөт.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагына катталган 113 өндүрүүчү ишкана бар. Анын 38и айыл чарба продукцияларын чыгарган ишканалар. Жалпысынан 3 миң жумуш орун бар.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагы 346 гектар жерди ээлеп, 3 аймакта жайгашкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM