Биз менен байланышыңыз

21-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 405 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 21-ноябрда эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 0….-5… күндүз: 0…..-5 C;

Талас облусунда

түнкүсүн: -1…..-6….күндүз: 0…..-5°C;

Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 2…..7°C

Ош облусунда

түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 2…..7°C

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: -1…..-6….күндүз: 3……8°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: -4….-9…..күндүз: 2…..7°C;

21-ноябрда Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1……-3 C, күндүзү -1..…1°C жылыйт.

Copyright © 2017 Maral FM