Биз менен байланышыңыз

$200 миң пара: Башпрокуратуранын экс-өкүлү Улан Чалбаевди сот 5 жылга кести

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 800 | 0

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдагы башчысы Улан Чалбаев беш жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Чалбаев Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковдун кылмыш ишин жеңилдетүү максатында пара талап кылган.

Улан Чалбаевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2018-жылдын апрель айында пара алып жаткан жеринен кармаган. 200 миң доллар «Ага Хан» фондунун Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковдон сатып алган жер тилкесин камактан чыгарууга байланышкан кылмыш ишин токтотуу үчүн пара катары берилген каражат болгону айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM