Биз менен байланышыңыз

Балдар укугуна арналган эстафета башталды

Коом | 20 Ноя 2019 | 508 | 0

Бүткүл дүйнөлүк балдардын укугун коргоо күнүнө   карата “Рулда балдар” аттуу акциясы башталды. Бул демилгени эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров көтөрдү. Анын милдетин 2 саат шал оорусу менен жабыркаган Тилеген Рахатбековго аткарды. Кочкоров Тилеген Рахатбековго ордун бошотуп, ал айткан тапшырмаларды угуп, аны аткарууга убада кылды. Эми бул акция мамлекеттик органдарга эстафета катары берилет. Балдар укугуна арналган парламенттик саат 20-ноябрда өтөт.

Тилеген Рахатбеков жогорку окуу жайда билим алууну каалайт. Бирок ал билим алып жаткан мектепте аттестат берилбейт. Ошондой эле, ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, мектепте жана шаар ичинде шарт жок экенин айтып берген.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жакынкы убакта Тилеген окуган мектепке барып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды түйшөлткөн көйгөйлөрдү чечүүгө убада берди.

-Аткаруучу катары балдардын көйгөйүн укканда, толкундануу болду. Негизи, буга чейин көтөрүлүп келген маселелер чечилбей келет, ошол эле учурда Тилеген биз байкабаган маселелер тууралуу да айтты. Жакынкы күндөрү Тилеген айткан маселелерди чечүүнүн жолдорун карайбыз.

Балдардын  жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун жана кол тийбестигин бардык учурда камсыз кылууга багытталган акцияны ЮНИСЕФ  балдар уюму колдоодо. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесин колдоо борборунун жетекчиси Тамара Жумабекова жогорку окуу жайларда эмне себептен мүмкүнчүлүгү чектелген балдар аттестат ала албай жатканын түшүндүрдү.

-Министрлик Тилегенди кабыл алып, көйгөйлөрүн өзүнөн укканы жакшы жүйөө болду. Негизи, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган мектептерде көйгөйлөр көп десек болот. Мектепти бүткөндө аларга аттестат берилбейт, себеби жогорку окуу жайларда кулагы укпаган, сүйлөй албаган балдарды окута турган адистер жок.

Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова жер-жерлерде мониторинг жүргүзүлүп туруусу керектигин айтты. Өзгөчө айыл өкмөттөр дагы ар бир үй-бүлөдөгү баладан кабар алып турушу керектигин айтат:

 Биз үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча өкмөт менен биргеликте жер-жерлерде борборлор түзүп жатабыз. Ал жерде балдарга акысыз психологиялык жардам көрсөтүлөт. Жакшы демилгелер көтөрүлөт, бирок аягына чыкпай жатат. Ар бир иш-чара кандай өтүп жатат, жыйынтыгы барбы көзөмөлгө алыш керек. Ошондой эле, өзгөчө региондордогу балдарга  социалдык органдар мониторинг жүргүзүшү керек. Аны менен бирге айылдык өкмөттөр дагы айылдын ар бир үй-бүлөдөгү баладан кабардар болушу керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева көбүнчө мигранттардын балдары, кароосуз калганын айтып, учурда мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатканын кабарлады. Балдар укугуна арналган атайын парламенттик сессия да өтөрүн кошумчалады:

Балдарыдын укугу боюнча маселелер көтөрүлүп, айтылып келет. Бирок  айтылган сөздөр, убадалар  ишке ашпай жатат. Эртең парламенттик жыйында ушул маселе боюнча сессия өтөт. Көбүнчө мигранттардын балдарынын укугу корголбой жатат. Алар балдарын жоопкерчиликти алган жакындарына таштоо керек. Биз азыр ушул боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз.

Ал эми шаар тургундары бүгүнкү күндө балдарды уруп-согуп, кордогон учурлар көп экенин айтып, мунун себеби миграцияда экенин айтышты:

-Мен балдарымды таштап эч жакка кете албайм. Себеби бала эненин мээримине муктаж болуп, өсүп-чоңоёт.

-Караймын деп, жоопкерчиликти алгандан соң, жакшы карашы керек.

-Балдарын кызыкчылыгы эске алынбайт, укугу корголбой жатат. Мамлекет акча бөлүп берип жатабыз деп жатат, бирок ал акча үй-бүлөлөргө жашоо-турмушуна жетип жатабы, аны да биз билбейбиз.

Өлкө боюнча 186 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар, анын ичинен 30у 18жашка чыга элек балдар. Бүгүнкү күндө 6 миңден ашуун ата-эне ассистентик кызматы менен 4 900 сом көмөкпул алат.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 20-ноябрда БУУнун ЮНИСЕФ фонду менен балдар укугуна арналган сессия өткөрөт. Жыйын Балдардын дүйнөлүк күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына жана Кыргызстандын келишимге кошулганынын 25 жылдыгына карата уюштурулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM