Биз менен байланышыңыз

20-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 455 | 0
Альберт Дрост

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 20-ноябрда эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: -3….2… күндүз: 3…..8 C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 3…..8°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 8…..13°C

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 4……9°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: -4….-9…..күндүз: 3…..8°C;

20-ноябрда Бишкекте түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1……1 C, күндүзү 5..…7°C жылыйт.

Copyright © 2017 Maral FM