Биз менен байланышыңыз

Футбол: Тажикстан менен беттеште Кыргызстан кызыл кийимчен ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 19 Ноя 2019 | 608 | 0

Бүгүн Кыргызстан – Тажикстан футболдук беттешинде Улуттук курамабыз кызыл түстөгү кийимчен ойнойт. Бул тууралуу кечээ күнү кармалган чүчүкулакта белгилүү болгонун өлкөнүн футбол федерациясы кабарлады.

Ал эми Тажикстан командасы ак-кызыл түстүү кийимчен ойношот.

2022-жылдагы Дүйнө Кубогу жана 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогуна карата тандоо турунун алкагында бүгүн, 19-ноябрда Кыргызстандын Улуттук курамасы Тажикстанды кабыл алат. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо саат 20:00дө башталат.

Беттешти катардык  32 жаштагы Абдулрахман Ибрахим Аль-Жассим башында турган калыстар тобу тейлешет. Талеб Салем Аль-Марри менен Саоуд Ахмед Аль-Макалех ага капталдан жардам беришет. Ал эми ФИФАнын рефериси индиялык Тежас Нагвенкар төртүнчү калыс болмокчу.

Тандоо турунда Кыргызстан “F” тайпада Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен күч сынашууда.

Бешинчи турдун жыйынтыгында Япония 12 упай менен тизмеде сап башында болсо, 6 упай топтогон Кыргызстан менен Тажикстан экинчи, үчүнчү орунду бөлүшүп турат.

Бул курамалардын Душанбеде болгон биринчи беттешинде Тажикстан командасы 1:0 эсебинде утуп алган.

Copyright © 2017 Maral FM