Ош облусунда кызмат өтөгөн аскер өз өмүрүн кыйды. Маркум аскердин сөөгү 17-ноябрь күнү ата-энесинин үйүнөн табылган. Акыркы эки жуманын ичинде 4 аскер кызматкери каза болду. Учурда Башкы прокуратура эки жоокердин өлүмүн Аскер прокуратурасы иликтеп жатканын кабарлады. Социологдордун айтымында, көбүнчө карапайым үй-бүлөлөрдүн балдары жана мигранттардын балдары аскер кызматын өтөөгө барат. Аскерлердин суицидке барышына ал жердеги кысым себеп болушу мүмкүн экенин психологдор айтып келишет. Аскер бөлүмүнүн коопсуздугуна ким кепилдик бериши керек?
Баяман Асан уулу аскерге баруудан баш тарткан. Себеби ал армияда жаңы барган балдарга катаал мамиле болорун угуп жүргөндүктөн кооптонгонун төмөнкүчө билдирди:
-Көпчүлүк досторум аскерде бир жыл кызматын өтөп келишти. Барып келгендер өздөрүнүн аскердеги жашоосу тууралуу айтып беришет. Мекенди коргоого үйрөнөм деген бийик максаттар менен барса, өзүңдөн чоңдор уруп-сабаса, туура эмес эле го деп ойлойм.
Өткөн жуманын соңунда Ошто аскер кызмакткери өз өмүрүнө кол салып, сөөгү үйүнөн табылган. Мындай окуя акыркы 1 айда 4 жолу кайталанды. Биз аскер кызматкерлеринин өзүн-өзү өлтүрүүсүнө эмне себеп болуп жатканын сурап көрдүк.
Психолог Перизат Асылбаеванын пикиринде, негизи, өз өмүрүнө кол салгандардын көп бөлүгү мигранттардын балдары. Психолог балдарды жаш кезинен, коркутпастан, маселенин чечүү жолдору көп экендигин айтып, тарбиялоо керек деген пикирде:
-Негизи, бул суицид маселесин дүйнө жүзүндө чоң көйгөй десек болот. Балдарды мектеп жашынан, коркутпаш керек. Туура эмес иш кылса, аны чечүүнүн жолдору көп экенин айтып, бала менен биргеликте маселени чече турганын айтып, баланы эркин ойлонууга тарбиялаш керек. Көп учурда өспүрүмдөр маселени чечүүнүн жолу жок болгон учурда, өз оюн толук жеткире албай калган учурларда ушундай жолго барышат. Ошондуктан, мектепте да кошумча, өзүнө баа берүүнү, жашоонун жакшы жактарын көрө билүүнү үйрөтүү керек.
Социолог, изилдөөчү Жайнагүл Асангулова мындан 3 жыл мурун аскер бөлүмдөрүнө барып, атайын изилдөө жүргүзгөнүн айтты. Алар барган учурда армияда шарттардын жакшы экендигин байкашкан. Ошондой эле, чыныгы патриоттук сезимдери бар аскерлердин да бар экенин айтат:
-Биз аскердеги жагдайды мындан 3 жыл мурун изилдеп көргөнбүз. Атайын аскердик бөлүмдөргө барып, тамак-ашын, жата турчу жайларын көрүп келгенбиз. Ал учурда шарттары жакшы болчу, бирок, акыркы учурларда негедир өз өмүрүнө кол салгандар көбөйүүдө. Психологиялык, физикалык жактан үстөмдүк кылынган учурда жашоонун терс жагы аң-сезимине доо кетирип, ушинтип өз өмүрүн кыюудан да коркпой, туура эмес жолго барып жатышат.
Атын атагысы келбеген шаар тургундары да аскердик милдетти аткаруу милдет экенин айтып, бирок ошол эле учурда арасында кооптонгондору да бар:
-Бир жылга атайын барышат, бирок, эч нерсени үйрөтүшпөйт. Көбүнчө бирин-бири сабап, ызы-чуу чыккан учурлар көп. Ошондой эле, өз өмүрүнө кол салгандар болуп жатат.
— Аскердик кызматты өтөө — ар бир жарандын милдети. Мисалы, менин 3 балам тең барып келген. Бирок ушундай үрөй учурган окуяларды укканда, чындыгында, балаңды жиберүүдөн коркуп калат экенсиң. Ар бир ата-эне жакшы ниет менен мекенге кызмат кылсын деп аларга тапшырып жаткан соң, алардын да жоопкерчилигин алса жакшы болот эле.
Буга чейин аскерде түрдүү себептер менен курман болгон жоокерлер үчүн компенсация катары 1 млн сом каражат төлөө боюнча демилге көтөрүлүп келет. Адистердин пикиринде, кыргыз армиясында кызматта жүрүп ажал тапкандардын көбөйүшүнө кысым көрсөткөндөрдүн жазасыз калышы себеп болуп жатат.