Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Тергөөчүнүн сейфинен 200 миң доллар жоголду деген маалымат калп»

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 818 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) мекеменин тергөөчүсүнүн сейфинен $200 миң жоголгондугу тууралуу маалымат жок. Бул тууралуу УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов “Маралга” билдирди. Атайын өкүл бул маалыматтын ушак экенин белгилеп, мындай сөздөргө көңүл бурбоого чакырды.

Эскерте кетсек, буга чейин бир катар маалымат каражаттары күч органдарындагы жеке булактарына таянып, УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен 200 миң доллар акча жоголгонун жазып чыгышты.

Ал акча башпрокуратуранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевдин пара алганы боюнча кылмыш ишинде далил-буюм болгону айтылган.

Улан Чалбаев 2018-жылдын апрель айында пара алып жаткан жеринен кармалган. 200 миң доллар «Ага Хан» фондунун Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковдон сатып алган жер тилкесин камактан чыгарууга байланышкан кылмыш ишин токтотуу үчүн пара катары берилген каражат болгон.

Copyright © 2017 Maral FM