Биз менен байланышыңыз

Балдарды берешендикке үндөгөн «Мээримдүү тыйын» акциясы

Коом | 18 Ноя 2019 | 964 | 0

«Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган «Мээримдүү тыйын» акциясы болуп өттү. Бул фонд 10 жылдан бери колдоого муктаж үй-бүлөлөргө жана балдардын даарылануусуна жардам берип келет. Бул акциянын жыйынтыгы менен бир жыл ичинде өлкө боюнча 70тен ашуун баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн .

«Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонду 5 багыт боюнча иш алып барат. «Балык эмес, кайырмак карматуу» принцибин карманып, социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөргө жанын багып кетүүсүнө да көмөктөшөт. Ошондой эле, чет өлкөдө жасалчу кымбат операцияларга муктаж болгондорго фонд түрдүү акция, кайрымдуулук концерттерди уюштуруу менен  жардам берип келет.

«Элим барсыңбы»  фондунун төрагасы  Айдар Кубанычбеков бул акция жыл сайын 2 ирет өткөрүлө турганын айтып, канчалаган жаш балдардын  өмүрүн сактап калууга иш-чарага келген ар бир жарандын салымы чоң экендигин айтты:

-Тыйын чогултуп, аны муктаждарга берүү өсүп келе жаткан балдарыбызды, мээримдүүлүккө, колу ачыктыкка үйрөтүү болуп саналат. Кичинекей балдар ата-энеси менен чогуу келишет. Өздөрү  салган тыйындар муктаж балдардын операциясына, дарылануусуна жумшалат. Бул акцияны жыл сайын 2 ирет өткөрөбүз, бир жолку акциядан 250 миң сом акча каражаты топтолот. Чогулган каражат  муктаж болгон үй-бүлөрлөргө жумшалат. Быйыл жарым жыл ичинде 30 баланын дарыланусуна жардам бере алдык.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова коомдук фонд менен тыгыз иштешип, өспүрүм балдарга биргеликте жардам беришерин айтат:

-«Элим барсыңбы?» коомдук фонду менен бир канча жылдан бери иштешип келебиз. Фонддор менен биргеликте жаш балдарга жардам берип, ошондой эле, муктаж болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп келебиз. Бул акцияда балдар өздөрү кутучага тыйын салып жатканы, моралдык жана тарбиялык жаткан таасирин берет. 

Элиза Арстанова 8 жылдан бери «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фондунда ыктыярчы болуп иштейт. Мээримдүү, жардамга кол сунган инсандардын көп экенине кубанган ыктыярчы бул жолу да шаар тургундары активдүү катышканын айтып өттү:

-Мен бул акцияга сегизинчи жолу катышып жатам. Мээримдүү, кайрымдуулукка кол сунган инсандар көп, алар чөнтөгүндө канча сом болсо да, чын жүрөктөн берип жатканы жүздөрүнөн көрүнүп турат. Карап туруп, чындыгында, толкунданып, аябай сүйүнөсүң.  

«Мээримдүү тыйын» акциясында балдарды жаштайынан алуучу эмес, берүүчүлүккө жана мээримдүүлүккө тарбиялоо максатында ата-энелер балдарын ээрчитип келишип, кутучага биргеликте тыйын салышты. Шаар тургуну Айгүл Турдубекова үй-бүлөсү менен келгенин айтып, муктаждыгы бар адамдарга жардам берүүгө шарт түзүп берген фондго ырзаазычылыгын билдирди:

-Мен эки жылдан бери кутучаны толтурдум, былтыр келе албай калгам. Мына быйыл да 1 жума күтүп, атайы үй-бүлөм менен келдим. Чындыгында, муктаж болгон балдарыбыз бар, аларга жардам берүүгө шарт түзүп берип жаткан фондго рахмат. 

Акция жылына 2 жолу өткөрүлөт. Бир жолку акцияда 250 миң сомдун тегерегине акча топтолот. Фонд республика боюнча «Мээримдүү тыйын», «Жүрөктөн жүрөккө», «Жылуулук тартуулаңыз» аталышындагы бир топ иш-чараларды өткөрүп келет.

«Элим барсыңбы» коомдук кайрымдуулук фонду 2008-жылы 14-октябрда түзүлгөн.

       

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM