Биз менен байланышыңыз

9 айда микрокредиттерди алуучулардын саны 35 %га көбөйдү

Кыска кабар | 17 Ноя 2019 | 635 | 0

9 айда микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 22 млрд. сом суммасында насыя берилип, алуучулардын саны 460 миң адамга жакындады. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 35 %га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү — 32,8 %га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык кызматы билдирди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунда болуп, жалпы насыянын көлөмүнүн 21,0%ын түздү. Бишкек шаарына 19,1%, Жалал-Абад 14,1 % жана Чүй облустары үчүн 13,9% насыя  берилген.

9 айда берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 31,8 %ы  айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 26,5 %ы  керектөөчүлүк муктаждыктарга, 12,7 %ы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталды.

Микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли 9 айда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 0,7 %га азайып, 93,5 %ды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM