Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасын аныктоону тездетүү талкууланды

Кыска кабар | 17 Ноя 2019 | 655 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 16-ноябрда Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Ходжа Олимзоданы кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин динамикасын тездетүү зарылчылыгын талкуулашты.

Чек ара жанындагы кызматташтыкты бекемдөө, негативдүү көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.

Сухроб Ходжа Олимзода эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө түрткү берүү үчүн пландалып жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM