Биз менен байланышыңыз

Жер-үй кенинде быйыл жыл соңуна чейин 50 миң тонна руда казылат

Экономика | 15 Ноя 2019 | 501 | 0

Талас облусундагы Жер-Үй алтын кенинде кен казуу иштери башталды. Кенди иштеткен “Альянс алтын» компаниясы ушул жылдын аягына чейин 50 миң тонна руданы иштетип, март айында алгачкы алтынды алуу планын койгон. Ал эми 2020 — жылы 2,5 тонна алтын өндүрүлөт. Учурда кенде 600дөн ашуун адам эмгектенет, толук ишке кирсе, жумушчулардын саны 1000ден ашат. Анын 90%ы жергиликтүү калк жумуш менен камсыз болот.  Ошондой эле Жер-үй алтын кенинин ишке кириши менен өлкө бюджетине жылына 2 млрд сомго жакын киреше түшүп турат.

Таластагы «Жерүй» алтын кенинде жардыруу иши ноябрдын башында башталды. Жыл аягына чейин алтын өндүрүү ишканасы бүтүп, жаңы жылдын март айынан баштап, алтын куюлмасы өндүрүлөт. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жер казынасын пайдалануунун лицензиялоо башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек Үсөнов билдирди.

-Кен иштетүүгө берилген уруксаттын мөөнөтү 2035-жылы аяктайт. “Келишим боюнча ал жерде 90% жергиликтүү калк жана 10% чет элдиктер иштеши керек. Бүгүнкү күндө ал жакта компаниянын 145 кызматкери жана 380 жергиликтүү жарандар жана мекемелердин кызматкерлери иштеп жатышат. Мекеме толук кандуу ишке киргенде 1 миң 200 жергиликтүү калкка жумуш орун түзүлөт.
2015-жылы ачык сынактан  кенди иштетүү лицензиясын “Альянс Алтын” ишканасы жеңген.  Аталган компания “Восток геолдобыча” Оруссиялык компанияга тиешелүү. Учурда алтын казуу фабрикасын куруу 80%га аяктаган. Ошондой эле  ишканда 90% жергиликтүү калк жана 10% чет элдиктер иштейт.

Учурда компаниянын 145 кызматкери жана 380 жергиликтүү жарандар жана мекемелердин кызматкерлери  ишин баштаган. Мекеме толук ишке кирсе, 1200 жергиликтүү жаранга жумуш орундары берилет.

Келишимдин негизинде “Бакубат Талас” фондуна компания 450 млн сом каражат бөлгөн. Андан тышкары, реабилитациялык борборлорго жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 19 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин геология башкармалыгынын башкы адиси Чыңгыз Момбеков “Жер-Үй” кенинде С-1, С-2 классындагы 105 тонна алтын, 30 тонна күмүш бар экенин айтты:

-2016-жылкы маамылат боюнча жер-Үй” кенинде С-1, С-2 классындагы 105 тонна алтын, 30 тонна күмүш бар. Бирок алдыдагы болжолдуу көлөмдү айта албайбыз. 

“Альянс алтын» компаниясынын өкүлү Касиет Карачолокова буга чейин Мараладын түз эфиринде маек берип жатып, кенди иштетүүдөн мамлекеттке 1,5 млрд сом салык төлөнөрүн айткан. Андан сырткары, облустун социалдык маселелерин жакшыртууга да акча бөлүнөрү тууралуу билдирди:

-Бир жылда 4 тонна алтын казылып алынат деген план коюлган. Көлөмгө жараша мамлекетке 1,5 млрд сом салык төлөп турабыз. Ал эми Талас облусуна көмөк катары, 450 млн сом бөлүнгөн. Бул сумма облус үчүн жакшы киреше.

“Альянс алтын» кыргыз алтын ишканасы менен келишим түзүп, алтынды экспорттоону пландап атат. Эгер аны Улуттук банк сатып ала турган болсо, мамлекетке калат. Казылып алынган алтындан мамлекеттик казынага каражат түшпөй тургандыгы тууралуу тоо-кен адиси Дүйшөн Камчыбеков да айтып өттү:

— Алтындан түшкөн каражат “Альянс алтын» кенине түшөт. Ал эми мамлекеттик казынага бир да  тыйын  акча түшпөйт. Компания быйыл иштетүүчү объекттерди бүтүрсө, 2020-жылдан тарта алтын өндүрүлөт. 

Кыргызстанда кен иштетүүгө 2415 лицензия берилген. «Альянс Алтын» ишканасынын 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө «Жер-Үй» кен жатагын иштетүүгө лицензиясы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM