Биз менен байланышыңыз

Ишкер айымдар кербени: «Ишкердик жолуңузда эч уялбаңыз!»

Кыска кабар , Экономика | 14 Ноя 2019 | 2704 | 0

Бүгүн, 14-ноябрь күнү Дароот-Коргон айылында «Ишкер айымдар» бизнес-форуму болуп өттү. Иш-чаранын максаты — “19-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнү” жана “2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына» карата аймактагы ишкер айымдарды шыктандырууну көздөйт.

Форумда Кыргызстанда ийгиликтүү ишкер катары таанылган аялдар катышты. Алардын бири “Супара” этно-комплексинин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева өзүнүн ишкерликтеги тажрыйбасы тууралуу катышуучуларга айтып берди:

-Эң алгач “Шоро” компаниясы ишкердик жолун баштаганда көчө-базарларда максым сатууну уят иш катары көргөндөр да болгон. Бирок биздин, өзгөчө, Табылды Эгембердиевдин алдыга койгон максаты бийик болуп, бул иштин келечегин көрө алгандыктан, бул багытта изденүү менен иш жүргүзө бердик. 20 жылдан кийинки жыйынтык жалпы коомчулукка белгилүү. Ишкердик жүргүзүү тырышчаактыкты, талыкпас аракетти жана изденүүнү талап кылат, — дейт ишкер Жаңылсынзат Турганбаева.

Ал ошондой эле өз ишин баштайм деген кыз-келиндерге төмөнкүдөй кеңештерин да берип өттү:

Ийгиликтүү ишкер болуунун 4 жолу:

1. Жогорку максат (миссия) коюңуз. Бул качан ишке ашары белгисиз, бирок коюлган максаттын үстүндө иштей бериңиз, убакыттын өтүүсү менен ийгилик сөзсүз келет.
2. Өзүңүзгө жана Кудайга ишениңиз. Сиз өзүңүзгө ишенсеңиз, анда жаныңыздагылар да ишенип, колдоо көрсөтөт.
3. Ар бир ишти жүрөгүңүздөн, сүйүү менен жасаңыз. Бул башкаларга да таасир берет.
4. Убакыт менен эсептешиңиз. Убакытты пландаңыз, сарамжалдуу колдонуңуз.

«Ишкер айымдар кербени» эртең Алайда, андан кийни 16-ноябрда Ошто өз ишин улантат.

Ишкер айымдар форуму бул жылы Ош шаарында III ирет уюштурулуп, иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас  облустарынан жана борбор калаа — Бишкектен да ишкерлер келип катышмакчы.

Бизнес-форумга бардык ишкер айымдар жана ишкерликке кызыккан айымдар катыша алат. Кошумча суроолор боюнча: 0776 376 744 номерине кайрылсаңыздар болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM