Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттин бюджети казинолорго көз карандыбы?

Экономика | 14 Ноя 2019 | 907 | 0

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Улан Примов бюджетке кошумча булак катары казинолорду кайра ачуу керек деген пикирин айтып чыкты. Ал бул сунушун кумар оюндары ойнолуучу жайларды борбордон алыс жерге ачып, чет өлкөлүктөрдү тартса болот деп түшүндүргөн. Эл өкүлүнүн бул сунушун көпчүлүк сынга алды.

Анын үстүнө 2012-жылдын 1-январынан тарта казино жана башка кумар оюндарына тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Байкалбаганы менен акыркы убакта мыйзамсыз, аты өзгөртүлүп ачылган казинолордун саны өсүүдө. Кыргызстан казинонун  мекени “Лас-Вегаска” айланып калганын коомчулук да айтып келет. Жашыруун казинолордон утулуп калып, жабыркагандар көп.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов бюджет маселеси каралып жаткан учурда казинолорду кайра ачууну сунуштаган. Анын пикиринде, өлкөгө келген туристтер үчүн кумарканалар шаар четине ачылса, кайсы бир деңгээлде бюджетке пайда түшөт:

-Өлкөнүн бюджети каралып жаткан учурда сунуш катары айтканмын. Ооба биз 2012-жылы кумар оюндарын ойноого каршы мыйзам калбыл алганбыз. Бирок дагы деле жашыруун ойногондор бар экени эл ичинде айтылып келет. Шаардан алыс жерге атайын чет өлкөлүктөр үчүн казино ачуу керек. Себеби чынын айтуу керек, мамлекеттин казынасына, кошумча каражат алып келет. 

Примов бул сунушту айткан учурда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев буга каршы эместигин билдирип, кыргыз жарандарынын ойноосуна тыюу салуунун жолун карап чыгыш керек деген.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, казинолордун өлкө казынасына пайда алып келүүсүн колдойт. Ал АКШ авиабазасынын Кыргызстанда мурдагы ордуна казино ачып, ал жерде чет элдиктерге жеңил маңзаттарды сатуу жана колдонуу демилгесин көтөргөн.

Анткен менен жашыруун кумар ойноп, карызга баткандар, суицидге чейин баргандар бар экенин «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова айтты. Ал казинолорду жабуу керектигин айтып, депутаттарга жана укук коргоо органдарына кайрылган:

-Кумар оюндарына бир канча жылдан бери каршы аракетерди жасап келебиз. Кумар оюндарын ойноого каршы мыйзам кабыл алынганына 9 жыл болуптур. Кайсы бир жылы бир канча казинолорду жапкан элек. Бирок, акыркы күндөрү көмүскө казинолор атын өзгөртүп, бар-клубдардын ичинде өз игшин улантып жатышат. Биздин борборго казинодон уттуруп, жабыркаган канчалаган жарандар кайрылат. 

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров казинолордун ачылышына дайыма каршы оюн айтып келет. Анын пикиринде, мыйзамдар болгону менен иш жүзүндө көмүскө кумарканалар иштеп эле келе жатат:

-Мамлекеттик бюджетке кирешени  башка жол менен киреше табышыбыз керек. Бюджетке казинолордон киреше тапканыбыз менен, канча жарандардын тагдыры, үй-бүлөлөр жана  өспүрүмдөрдүн моралдык сезимдерине терс таасири тиет. Биз канчалаган жарандардын тагдыры бузулуп жатканын көрүп жатабыз. Мен казинолордун кайра ачылышын туура эмес көрөм, мен буга каршымын. Мыйзам кабыл алынды, эми казинолор жабылат деп түшүнбөш керек. Мыйзамдар бар, кабыл алынган, бирок, иш-жүзүндө иштебейт. Биз бул багытта өз сунушубузду айтып келе жатабыз.  

2018-жылдагы маалыматка таянсак, бир топ казинолор жабылып, бюджетке 5 млн сом түшпөй калган. Ошондой эле, 12 миңден ашуун жаран жумушсуз калган деген фактылар бар. Экономист Азамат Аттокуров шаардан алыс жерге жабык казинолорду ачса болот деген пикирде:

-Негизи, дүйнө жүзүндө казинолорго атайын жер бөлүнүп берилет. Экономикалык абалы начар өлкөлөрдө жабык казинолор иштейт.  Ал эми бизде чоңдор көмүскө казинолорду иштетип жатышат. Биз казинолорду түп тамыры менен  жок кыла албайбыз. Бирок, биз дагы борбордон алыс жана  жергиликтүү калк бара албай турган  жерге жабык казинолорду ачсак болот.  

Кумар оюндарын ойноону ислам дини да жектейт. Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев кумар оюндары бардык терс көрүнүштөрдүн башаты экенин айтып берди:

-Тыйылган нерсенин баары адамдын ден соолугуна, жеке жашоосуна зыян болгондуктан тыюу салынган. Демек, биз кумар оюндарына жакындабашыбыз керек.  Мисалы, ислам өлкөлөрүндө тыюу салынган. Бизде да тыюу салынган, бирок, мыйзам иштебей жатат. Биз кумар оюндарын ойнобогула деп айтып келебиз,  адам кумар оюнуна көнүп калса, анын кесепетинен чыга албай калат. 

Акыркы жылдарда кумар оюндарын интернет аркылуу ойногондор көбөйгөн.

Мамлекет 2012-жылы “Кумар оюндарын ойноого тыюу салуу мыйзамды” кабыл алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM