Биз менен байланышыңыз

Момбеков Өкмөткө: Бюджеттин өсүүлөрүн айтып, бирок өксүктөрүн айткан жокпуз

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 657 | 0

“Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун 2019-жылдын этегинде талкуулап жатканыбыз өлгөн адамды көмгөндөн кийин мактаганга барабар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүнкү жыйында билдирди_

Бизде 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы мынча өсүш болду» деп айтуу өнөкөткө айланды. А бирок, бюджеттин аткарылбаган аргументтери боюнча айткан жокпуз. Биз өсүүлөрдү айтып жатабыз, бирок, өксүктөрүн айткан жокпуз да. Баш өспөсө деле, чач өсөт, — деди эл өкүлү Момбеков.

Ошондой эле, ал 2018-жылы аткарылбай калган бир иш бар экендигине токтолуп, президент Сооронбай Жээнбековдун Шекер айылына барып, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Жер- Эне» монументин орнотууга тапшырма бергендигин, бирок, ага Өкмөт 31 млн сом бөлүп, дагы 62 млн сомун алигиче бере электигин белгиледи.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM