Биз менен байланышыңыз

Бишкекте балдар укугуна арналган көргөзмө ачылды

Коом | 13 Ноя 2019 | 583 | 0

20-ноябрь бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде балдар искусствосу көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Көргөзмөдө 90дон ашуун баланы чагылдырган белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган. Быйыл Кыргызстанда балдар укугу тууралуу конвенциянын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгы, ошондой эле, Балдардын укуктары боюнча БУУнун Конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгы болуп жатат. Балдар жөнүндөгү сүрөт жарманкеси 1-декабрга чейин көрсөтүлөт.

Сезим Өмүрбекова Бишкектеги №87 чи мектептин 9-классынын окуучусу. Анын коомдук өнүгүүдө балдардын кызыкчылыгы да эске алынса деген тилектери бар:

-Биз сонун өлкөдө жашайбыз. Бирок, ата-энеси бар эле балдар балдар үйүндө тарбияланып жатат.  Ошондой эле, биздин кызыкчылыгыбыз да эске алынып, кыялдарыбыз орундатылса деп тилей берем. 

БУУнун Конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгын утурлап “Балдар жөнүндөгү искусство” көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө белгилүү сүрөтчүлөрдүн балдарды чагылдырган сүрөттөрү коюлган. Ошондой эле, 1930-жылдан азыркы күнгө чейинки сүрөттөрдү, скульптураларды көрүүгө болот.

Көргөзмөнүн ачылышына бийлик өкүлдөрү, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлдөрү жана окуучулар катышты.

БУУнун Балдар фондунун төрайымы Кристин Жольм быйыл Кыргызстан 2 маанилүү күндү белгилей турганын айтып, бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен балдардын укугун коргоо боюнча иштер алгылыктуу жүрүп жатканын кошумчалады:

-Баланын укугу тууралуу атайын балдар исскуствосу көргөзмөсүн өткөрүп жатабыз. Өзүңөр билгендей, 20-ноябрь бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата ар кандай форматтагы иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Кыргызстан быйыл конвенцияга ратификациядан өткөнүнө 25 жыл толуп отурат. Сүрөттөрдө конвенцияда жазылган балдардын укугу тууралуу чагылдырылган. Бул сүрөттөр ар бир жаранга таасир берет деп ойлойм.

Балдардын укугун коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү пландалган. Анын алкагында өлкө боюнча балдарга жана үй-бүлөгө арналган иш-чаралардын өтүлө тургандыгын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирип, балдарга бактылуу жашоого шарт түзүлөт деп ишендирди:

Биз конвенцияны кабыл алганда бир топ эл аралык милдеттемелерди мойнубузга алганбыз. Ошонун негизинде иш алып барып жатабыз. Быйыл конвенциянын 30 жылдыгына карата иш пландарды түзүп, тиешелүү органдарга тапшырма берилген. Өлкө боюнча балдар укуктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова мигранттардын балдарынын укугу жөнүндө кеп козгоп, алар көзөмөлгө алынбай жатканын айтты. Ал балдардын өспүрүм убагын көзөмөлгө алып, өз укуктарын билүүсү керектигин түшүндүрүү керек деп эсептейт.

-Учурда эң көйгөйлүү маселе, мигранттардын балдарынын укугу корголбой жатканы. Ата-энелери туугандарына таштап кетишет, балага өз энесинин мээрими жетишсиз болот экен. Өзгөчө өспүрүм убагында балдар өз укугун билбей калгандыктан, билбестен  ар кандай жолдорго барып жатышат. Өз укуктары тууралуу региондорго чейин барып, маалымат берүү керек.

Эскерте кетсек, балдарга арналган көргөзмө шаар тургундары жана балдары үчүн 1-декабрга чейин көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM