Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз ташылып келген 30 млн сомдук кальян тамекилери кармалды

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 153 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери “Түндүк-Чыгыш” бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарында мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 14 275 килограммды түзгөн, акциздик маркасы жок ар кандай маркадагы кальян тамекилерин кармашкан. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган товардын орточо базар баасы 30 млн 799 миң 100 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

 

Copyright © 2017 Maral FM