Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Саймаити консулдун унаасы менен жүрөт? Өкмөт жооп берсин!

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 1497 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы акыркы маалдардагы кылмыштуулук боюнча кеп козгоду. Атамекенчи депутат Мадина базарындагы ишкердин өлүмү, ишкердик менен шугулданган дагы бир жарандан Аэропорттогу өлүмү, Түркияда Айеркен Саймаитини атылганы боюнча мисалдарды келтирип, Өкмөт, күч түзүмдөрү бул боюнча маалымат беришин талап кылды.

Кыргызстан 50-жылдардагы Сицилияга айланып баратат. Бул резонанстуу өлүмдөргөн байланышкан окуялар мамлекетке болгон кылмыштуулукутун чакырыгы. Кыргызстандын казынасына 5 млрд сом төлөбөй качып жүргөн адам Кыргызстандын консулунун унаасын минип жүрөт? Күч органдары ушул суроолорго жооп бериши керек . Ушунун баарын көрмөксөн болуп отурганыбыз чоң чатак. Аны териштириш керек. 12-маселе кылып, 30 мүнөт кылмыштуулуктун абалы боюнча маалымат угалы”, — деди Шыкмаматов.

Парламентке берилген маалымат элге берилген маалымат экенин, ошон үчүн Өкмөт буга жооп бериши керек деп кошумчалады эл өкүлү.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун унаасы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү болгон жерде болгонун тастыктаган. Ошондой эле Эркин Сопоков бул кызматка келгенден бери кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу жаза алганын, айдоочусу бир нече ирет жол эрежелерин жана унааны колдонуу эрежелерин бузгангына байланыштуу Сопоковго сөгүш жарыяланып, айдоочусу жумуштан алынганын билдирди.

Башкы прокуратура тарабынан Сопоковдун 2017-жылга карата Бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы аныкталган.

Тышкы иштер министрлиги Сопоков Айеркен Саймаитинин өлүмү болгон жерде эмне үчүн унаанын турганын түшүндүрүп бере алган эмес деп жатат.

«Кыргызстандын дипломатиялык кызматы жөнүндөгү» мыйзамды бузгандыгы үчүн Эркин Сопоков президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык кызматынан алынды.

Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалган үч кишинин экөө кыргызстандык экендиги айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM