Биз менен байланышыңыз

Бишкекте балдар укугун коргоо боюнча даректүү тасмалар көрсөтүлүүдө

Коом | 12 Ноя 2019 | 552 | 0

Бишкекте “Бир Дүйнө — Кыргызстан” кинофестивалынын ачылышы болду. Фестивалга 15 өлкөнүн өкүлдөрү, эксперттер катышты. Фестиваль балдардын укуктары боюнча БУУнун Конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата өткөрүлүп, анда “Балдар үнү жана тең укуктуулук” деген темада документалдуу тасмалар көрсөтүлөт. Мындан сырткары, фестивалдын алкагында балдардын укуктары боюнча талкуулар, семинарлар өтөт. «Бир Дүйнө — Кыргызстан” уюму уюштурган фестиваль 13-жолу өтүүдө.

Тасмада мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөрдүн жана мигранттардын балдарынын укугу тууралуу орчундуу көйгөйлөр чагылдырылган. Мисалга алсак, кыргыз тилине которулган “Мугалим” тасмасы, “Миссияга ээ кыз” ошондой эле Кыргызстанда тартылган кинолор да көрсөтүлөт. «Бир Дүйнө-Кыргызстан” кинофестивалына 15 өлкөдөн келген эксперттер жана өкүлдөр  катышууда.

«Бир дүйнө — Кыргызстан» кыймылынын төрайымы Төлекан Исмаилова фестивалдын максаты дүйнөлүк адам укугун жакшыртуу үчүн атайын тасмаларды кыргыз тилине которуп, кыргыз тилинде талкуулап, бардык жарандарга жеткирүү керек экенин айтат:

-Мындай фестивалдардын өткөрүлүшү чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат. Ошол эле учурда режиссерлор тажрыйба алмашат. Дүйнөлүк тасмаларды кыргыз тилине которуп, талкуулап, адам укугу боюнча тасмалар аркылуу ар бир жаранга жеткирүү — негизги максатыбыз. Ар бир жаран өз укугун билүүсү керек. Бул фестиваль быйыл он үчүнчү жолу өтүп жатат.  

Белгилүү режиссер Темир Бирназаров Кыргызстан демократиялык багытты тандаганы менен, жарандардын жана балдардын укугу тебеленип жаткканын айтат. Анын пикиринде, жарандардын укугун коргоо боюнча тасмалар жок. Ошондуктан, ушул сыяктуу фестивалдар аркылуу дүйнөлүк тасмаларды кыргыз тилине  которуп көрсөтүү да жеңиш экенин айтат:

-Биздин коомчулукта балдардын, жарандардын укугу тебеленип жатат. Мында жарандар өздөрү укугун билбегендиги болуп жатаи. Ошондой эле адам укугу боюнча тасмалар жок. Бизде фестиваль өтүп жатат, бирок, өзүбүздүн тасмалар жокко эсе. Буга мамлекет өзү кызыктар болушу керек, даректүү тасмаларды тартуу үчүн каражат керек. 

Даректүү тасмаларда турмуштан алынган фактылар чагылдырылат. Мындай фактылар Кыргызстанда көп экенин “Балдардын укугун коргоо” лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова айтты. Анын пикиринде кыргыз коомчулугу балдар укугуна кайдыгер:

-Даректүү тасмалар чыныгы турмуштан алынган фактылар. Мындай окуялар бизде да катталып турат. Балдардын укугун коргоону тасмалар аркылуу коомчулукка жеткире алабыз деп ишенебиз. Бирок, бизде адам укугуна көңүл бурушпайт. Ошондуктан, ушундай тасмалар балдардын укуктарын коргоого түрткү берет деп ойлойм.

“Бир Дүйнө — Кыргызстан” кинофестивалынын алкагында балдардын укугу тууралуу ар кандай форматтагы семинарлар өтөт.

Эскерте кетсек, аталган фестивалга карата тартылган тасмалар 11 –ноябрдан 15-ноябрга чейин Бишкектеги «Россия» кинотеатрында көрсөтүлөт. Ал эми жеңүүчүлөргө бир катар сыйлыктар тапшырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM