Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү байкалды

Экономика | 12 Ноя 2019 | 472 | 0

2019-жылдын январь-октябрь айларында ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 455 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7% өстү.  Бул тууралуу Улуттук эсептердин экономикалык статистика башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова билдирди. Ал “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-октябрь айында ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 406 миллиард сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайызга өскөнүн кошумчалады.

Исенкулованын маалымадаганына караганда Өнөр жай продукциясынын көлөмү 224 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14%га өскөн. Өнөр жай продукциясынын өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн – 31,7%, текстиль жана кийимдерди өндүрүүнү — 20,4%, металл кендерин казып алуунун — 21,6%, мунайзат жана жаратылыш газынын 13,7%, көмүр өндүрүүнүн — 8,3% эсебинен камсыздалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM