Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Кыргыздын дипломатиялык мамилеси 643-жылдан башталган

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 460 | 0

Ушу тапта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы. Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун кызматташтыгынын натыйжасы жана келечеги” аталышты форум өтүүдө. Буга байланыштуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков дипломатиялык кызматтын өкүлдөрүн юбилейи менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыздын дипломатиялык мамилеси 643-жылдан башталганын президент өз сөзүндө белгиледи.

Айкөл Манас атабыз бардык кошуна мамлекеттер менен достук мамилени чыңдоого ар дайым умтулуп келген”, — деди президент.

Ал ошондой эле, 18-кылымда Орусия падышалыгы менен дипломатиялык мамиле курулганын кошумчалады. Жээнбеков бул багытта Атаке бий 1785-жылы Санкт-Петербург шаарына элчи жибергенин биринчи кадам деп санаарын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM