8-ноябрь күнү Бишкектеги Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан “Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыгып, 14 киши жабыркап, 21 жаштагы бир кызматкер кыз көз жумган. Ал эми тез тамактануучу жайдын ижарачысы убактылуу кармоочу жайга камалып, бирок, кайра үй камагына чыгарылганы кабарланды. Борбор шаарда 300дөн ашуун тез тамактануучу жеке менчик жайлар бар. Ал жерлердин коопсуздугу жана санитардык абалын мамлекеттик органдар канча убакытта текшерет? Жеке менчик тез татым жайларынын коопсуздугуна ким жооптуу болот?
Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишиндеги тез тамактануучу жайларда коопсуздук канчалык деңгээлде көзөмөлгө алынат, кызматкерлердин өзүлөрүнөн сурап көрдүк.
Аскар Жолдошев Бишкектеги тез тамактануучу жайда шаурма, гамбургер жасап иштейт. Ал күнүгө жумушка келгенде алгач газ баллонду текшерет. Ошондой эле, кырсыктын алдын алуу үчүн өрт өчүрүүчү баллондордун бар экенин да айтып берди.
—Биз кезектешип иштейбиз. Эртең менен ишке келгенде, техникалык абалын карап өткөрүп алабыз. Өрт өчүрүүчү баллон дайыма ушул жерде турат. Санитардык-ветеринардык борбордон текшерүүчүлөр өз учурунда келип текшерип турушат.
Дагы бир тез тамактануучу жайда атын атагысы келбеген кызматкер санитардык эпидемиологиялык борбордон ай сайын текшерүү келип турарын айтты. Эгер жарандардан арыз түшсө, жума сайын санитардык борбордун кызматкерлери келип текшеришерин билдирди:
-Бизде тиешелүү стандартка жооп берген документтер бар. Мамлекеттик органдардан жылына келип текшерип турат. Ал эми жарандардан арыз түшсө, жума сайын келип текшерген учурлар болот.
Буга чейин “Антошка” тез тамактануучу жайында газ баллондун жарылышынан улам өрт чыгып, кырсыктан жаракат алгандар болуп, ошол жерде иштеген кызматкердин өмүрүн алды. Бул окуядан кийин шаардагы мындай имараттардын коопсуздугу тууралуу маселе курчуду.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Мүзүралиев Марал радиосуна маек берип жатып, жеке ишкерлер кооптуу жагдайлардын алдын алуу үчүн мамлекеттик органдарга кайрылышы керектигин айтты:
-Ар бир жеке ишкер өз коопсуздугун камсыз кылышы керек. Жеке менчик сатуучу жайларга барып, алардын ишмердигине тыюу салып же жаап коё албайбыз. Жеке ишкер өз коопсуздугуна кызыктар болушу керек. Ал тескерсисинче, мамлекеттик органдарга кайрылып, мекемесин текшертип турушу керек.
Социалдык изилдөөлөр боюнча эксперт Жайнагүл Асангулова акыркы жылдары тез татым тамактарга суроо-талаптын күч болуп жатканын айтты. Тез тамактануучу жайлар стандарттык нормаларга жооп бербей жаткандыктан, кырсык көп болууда.
-Акыркы убакта тез тамактануучу жайлар өтө көбөйүп кетти. Ошол эле учурда тез татым менен тамактанган жаштар да көбөйдү.
Коопсуздук техникасын колдонуу жана кол астындагы кызматкерлердин жоопкерчилигин алуу боюнча мыйзамда жазылган. Бирок ошол эле учурда жеке менчик ишканаларга айыппул салып же жаап коюуга мүмкүн эместигин “НСК» камсыздандыруу компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Талантбек Кемелов Маралдын түз эфиринде айтты. Анын пикиринде, жеке менчик жайларды кыйыр түрдө тартипке салыш керек:
-Жеке ишкерге тиешелүү мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Анда жеке ишкер коопсуздугун өз мойнуна алышы керек. Ошондой эле кол астындагы кызматкерлердин жоопкерчилигин да алат. Кыйыр түрдө жеке менчик жайларды тартипке салышыбыз керек. Түз эле барып, айыппул сала албайбыз. Мисалы, башка өлкөлөрдө кыйыр түрдө тартипке салат. Биз дагы ошондой системага өтүшүбүз керек.
Бишкекте тез тамактануучу жайлардын саны 300дөн ашуун, ал эми алардын 150сү гана шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көзөмөлүнө алынган.
Инвесторлорду тартуу максатында 2 жылга чейин мораторий жүргүзүүгө тыюу салынганы тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди. Анын берген маалыматында, быйыл тез татым жайлары текшерүүдөн өтө элек. Ошондой эле, мыйзам бузуулар болсо, ишкер өзү жоопкерчиликке тартылат.
-Токтомго ылайык, 2018-2019-жылдары 2 жылга жеке менчик жайларга мораторий жүргүзүүгө тыюу салынган. Бирок, эгер жарандардан арыз түшө турган болсо, сөзсүз түрдө тиешелүү органдар жана биз барып текшеребиз.
Тез тамактануучу жайлардын коопсуздугуна шаар тургундары да кабатыр. Көбүнчөсү тез тамактануучу жайларда санитардык нормалар сакталбагандыгынан улам тамактанышпай турганын айтышат:
-Мен көбүнчө көчөдөн тамактанбайм. Себеби шарттары санитардык нормаларга жооп бербейт. Кандайдыр бир оору жугузуп алуудан корком.
-Биздеги тез татым жайларында санитардык абал өтө начар. Касса менен тамак бышыруучу жай өз-өзүнчө болушу керек.
Эске алсак, 8-ноябрда «Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында өрт чыгып, бир нече ирет жарылуулар болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы дагы бир кызматкер кыз көз жумган.