Биз менен байланышыңыз

Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 958 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда, Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Тышкы иштер министри ушул жылдын 27-ноябрында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик визитине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Чынгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан жумуштар тууралуу билдирди.

Ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турчу иш-чарага Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM