Биз менен байланышыңыз

Баткен: Мыйзамсыз ташылып келген 20 тонна коон кармалды

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 686 | 0

Баткен облусунда коңшу мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келген 20 тонна коон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бажы кызматынан билдиришкендей, Баткен облусунда О.З. уулу аттуу жарандын башкаруусундагы  «Шмитц» чиркегичи бар «Volvo FH12» унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Унаанын жүк салуучу бөлүгүндө мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы суммасы 1 млн 200 миң сомдук 20 тонна коон жүктөлгөн.

Айдоочу ЕАЭБ аймагына ташылып келе жаткан товардын мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документти көрсөтө алган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM