Биз менен байланышыңыз

Крестинин: Кыргызстан курамасы Өзбекстан менен беттешке даяр

Кыска кабар , Спорт | 9 Ноя 2019 | 840 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучу Александр Крестинин Өзбекстан менен жолдоштук беттеш тууралуу пикир бөлүштү. Ал команданын абалы, даярдык жана мүмкүнчүлүктөр боюнча өз оюн айтты. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы расмий сайтына жазды.

Крестинин команда Өзбекстан менен жолдоштук беттешке даяр экенин, бул матч тандоо этабында болуучу Япония жана Тажикстанга каршы оюндарга даярдануу планына киргенин белгилеген.

Биз менен жолдоштук беттеш өткөрүүгө макулдук берген Өзбекстандын футбол Ассоциациясына ыраазычылык айтам. Демейдегидей баары жогорку деңгээлде. Бул оюн биздин тандоо турундагы оюндарга карата даярдыктын алкагында болот. Кураманын бардык футболчулары толук келе алышкан жок. Бирок 80 пайыз бар. Бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууга аракет кылабыз. Физикалык жактан толук даяр эмес оюнчуларыбыз бар. Аларды табына келтирүүгө бизде убакыт бар”, — деп сөзүн жыйынтыктайт башкы машыктыруучу Александр Крестинин.

Бүгүн Ташкенттеги “Пахтакор” стадионунда Кыргызстандын курамасы Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM