Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Араб Эмираттарынын командасын утту

Кыска кабар , Спорт | 9 Ноя 2019 | 751 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курамасы (U-19) 2020-жылы өтүүчү Азия чемпионатына тандоо турунда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) командасын 2:0 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш команданы тайпада экинчи орунга чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы билдирди.

Беттеште футболчулар Шигайбаев менен Артыкбаев алыскы аралыктан айып тобун тээп киргизишти. Оюнда мындан башка гол болгон жок. Эми жаш футболчуларыбыз эртең, 10-ноябрды Непал командасы менен кез келет.

Кыргызстандын U-19 курамасы тандоо турунда Иран, БАЭ жана Непал курамалары менен D тайпасында күч сынашууда. Беттештер Ирандын Тегеран шаарында өтүп жатат.

Тандоо этабынын биринчи турунда биздин жаш футболчулар Иран командасы менен беттешип 3:0 эсебинде утулган.

Copyright © 2017 Maral FM