Биз менен байланышыңыз

Бишкекте чыккан өрттөн бир киши каза болуп, 13 адам жабыркады

Кыска кабар | 8 Ноя 2019 | 1315 | 0

Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварында жайгашкан Антошка тез тамактануучу жайдан чыккан жарылуудан алдын ала алынган маалыматтар боюнча 13 киши жаракат алган. Алардын үчөө балдар болгон. Аталган тез тамактануучу жайдын бир кызматкери өрт болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жаракат алган үч бала Шаардык балдардын ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин, амбулаториялык дарыланууга жиберилген.

Ар кандай жаракат алган 9 киши Бишкек шаардык ортопедия жана травмотология илимий-изилдөө борборуна жеткирилген.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM