Биз менен байланышыңыз

«Бишкектеги полигонду иштетүүгө кызыкдар фирмага тийиштүү шарт түзүлбөй жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2019 | 403 | 0

Швейцариялык фирма Бишкектеги полигонду 49 жылга ижарага алып, таштандыларды кайра иштетүү сунушун киргизип жатат. Бул тууралуу эколог, кайра иштетүү боюнча адис Нурали Сапаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, швейцариялык компания тийштүү технологиясы менен келет жана кызматташууга даяр. Бирок мамлекет тараптан шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк, колдоо жок.

Сапаев мындан сырткары тамак-аш калдыктарын кайра иштетип органикалык жер семирткичтерди алууга болорун жана бул кирешелүү тармак экенин белгиледи.

«Кытайлык компания дөңгөлөктөрдү майдалап, футбол аянтчаларына, тротуарларды салууга пайдаланып жатат. Андан сырткары, тигүү цехиндеги калдыктарды кайра иштетип, тамдын чатырларын жылуулоодо колдонуу мүмкүн. Ошондой эле мазут алууга болот. Ал эми батарейке, лампочкаларды кайра иштетүү жогорку технологияларды талап кылат», — дейт Сапаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM