Биз менен байланышыңыз

Электрондук күндөлүктүн качан ишке кирери айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Ноя 2019 | 522 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзүп жаткан конкурс жыйынтыкталса, жыл соңуна чейин электрондук күндөлүк системасы ишке кирет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мобилдик тиркеме аркылуу маалымат алууга, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзүлөт. Мындан сырткары ата-энелер баласынын бааларын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Догоев маалымдагандай, республика боюнча 660 мектеп «Кыргызтелеком» ишканасы аркылуу интернетке туташтырылды.

775 мектеп Билим берүү министрлиги тарабынан, ал эми 671 мектеп жергиликтүү бийликтин күчү аркылуу интернет менен камсыз кылынды. 31 мектеп техникалык мүмкүнчүлүктөрү жоктугуна байланыштуу интернетке туташкан эмес.

Догоев мындан сырткары, саламаттыкты сактоо тармагын да тиешелүү интернет менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM