Биз менен байланышыңыз

Догоев: Региондорду баалоо рейтинги кирет

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Ноя 2019 | 555 | 0

Региондорду баалоо рейтинги кирип жатат. Анда аймактагы инфратүзүм, байланыш, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына баа берилет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү токтом кабыл алынса кийинки жылдан тарта региондорду баалоо башталат.

Кыргызстан аймактарды мобилдик интернет менен камсыз кылууда алдыңкы орунда. Алсак, 4G интернети менен аймактардын 50% камсыз болду.

«Эми Digital Casa долбоорунун алкагында кийинки жылы конкурс уюштурулат. Аны утуп алган компания айылдарга тиешелүү инфраструктураны жеткирүү боюнча иш алып барат. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан 5 жылдык долбоордун жалпы бюджети 50 млн доллар. Анын 25 млн доллары грант», — дейт Догоев.

Ал белгилегендей, өлкө боюнча 2,5 миллиондон ашуун активдүү интернет колдонуучу бар. Анын ичинен мобилдик интернет аркылуу санарип платформаларын колдонгон жарандардын саны 2 миллионго жакын. Андан сырткары, 300 миңден ашуун жаран электрондук форматта товар алуу кызматын колдонот.

Copyright © 2017 Maral FM