Connect with us

Нарынга курулчу логистикалык борбор бизге эмне берет?

Экономика | 5 Ноя 2019 | 1247 | 0

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Шаңхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдү, Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында Соода-логистикалык борборду курууга активдүү катышууга чакырды. Өкмөт башчынын белгилешинче, бул долбоорду ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзөт. Жогоруда айтылган Соода-логистикалык борборду кайсыл жерге куруу пландалууда? Шарттары жана максаты эмне?

“Индустриалдык парк жана транспорттук-логистикалык борборлор чөйрөсүндө, тараптарга Кыргыз Республикасынын Кытай менен чектеш аймагында Соода-логистикалык борборду курууга активдүү катышууга чакырам. Көзөмөл-өткөрүү пунктунун комплекстүү инфраструктуралык жана өнүккөн логистикалык тутуму менен жабдылган бул долбоор, ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик дараметин жана соода-экономикалык аймактар аралык кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталат”, — деди премьер -министр Мухамедкалый Абылгазиев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинде.

Абылгазиевдин белгилешинче, Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында Соода-логистикалык борборду куруу, ШКУга мүчө өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзөт.

Ал эми Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулунун берген маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан долбоорго Нарын облусунун Ат-Башы районунан 200 гектар жер бөлүнгөн жана бүгүнкү күндө иш баштоо үчүн атайын долбоорлор даярдалууда.  Муну менен катар долбоордун максаты төмөндөгүчө:

-Бул долбоор Кытайдан келген импорттук товарларга бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатында башталган. Торугарт аркылуу өтүүчү жол логистикалык жактан ыңгайлуу болгондуктан, Борбордук Азия өлкөлөрүнө товарларды бат, сапаттуу өткөрүүгө шарт түзүлөт. Буга кошумча Кытайдан кандайдыр бир чийки заттарды алып келип, борбордон товар өндүрсө болот. Ошондой эле эки тараптуу  иш жүрүп, тиешелүү лабораториялар салынып, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Кытайга өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Соода кылуу мүмкүнчүлүгү, атайын кампасы бар, жүк өткөрүү маселеси ыңгайлаштырылып бир жолго коюлган, төлөмдөрдү төлөө маселеси ыңгайлуу жана элге да тиешелүү шарттар түзүлгөндө гана “Логистикалык борбор” деп атоо туура болот. Мындай пикирин билдирген экономист Эркин Абдразаков өкмөт башчы сөз кылган долбоордун Кыргызстан менен катар кошуна өлкөлөргө да пайдасы зор болоорун айтат.

-Өзбекстан, Тажикстан түз чыга албагандыктан Кыргызстан аркылуу жүк ташуу болуп жатпайбы. Эгер нормалдуу түрдө койчу болсок, биз транзиттен да салымдарды алып, бюджетке да пайдасы тиймек. Аткезчиликке да бөгөт коюп, элди көндүрмөкпүз. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү эле кызыктар. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп калса, логистикалык борбор менен кошо комплекстүү түрдө карап бүтүрсөк, пайдасы өлкөбүз үчүн жакшы болот.

Өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 млн АКШ долларын түзөт. Аталган борборду куруу менен аймакка инвестиция тартылат, өндүрүлгөн өнөр жай өндүрүмүнүн жана экспорттун көлөмү көбөйөт, социалдык жана инфратүзүмдүк маселелер чечилет. Бирок бул борборду өзү курганга Кыргызстандын каражаты жетишсиз экенин эл өкүлү Дастан Бекешов белгиледи.

-Менин оюмча, логистикалык борборду түзүү туура. Бул боюнча биз комитеттен да тапшырма бергенбиз. Тилекке каршы, бизде каражат жок, өзүбүз кура албайбыз. Бирок Кытай менен сүйлөшүүлөр болгон. Алар буюрса өз салымын кошот. Негизинен “инфраструктураны түзөбүз”  деп жатышат. Сөзсүз түрдө бизден да жакшы аракеттер болушу керек.

Эске сала кетсек, Ат-Башы районуна Соода-логистикалык борборун куруу президент Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин буга чейин кол койгон макулдашуунун жыйынтыгы болуп саналат.

Маалыматка ылайык, курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн 782 миң сом түшөт. Эгер Соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM