Биз менен байланышыңыз

Президент: Маданият чөйрөсүнүн жаштарды тарбиялоого кошкон салымы баа жеткис

Кыска кабар | 2 Ноя 2019 | 640 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоосунда маданият — коомдук жүрүм-турумдун нормаларынын системасы, ыймандуулук жана интеллектуалдык байлыктын, элдин дүйнө таанымынын казынасы экенин белгилейт.

Анын айтымында, маданият чөйрөсүнүн жаш муундардын мекенге, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга, аларды мекенчилдикке, атуулдук намыска, жаратмандыкка тарбиялоого кошкон салымы баа жеткис.

Маданият кызматкерлери улуттук асыл дөөлөттөрдү, кылымдардан бери келе жаткан нарктуу салтты азыркы муунга сиңирип, урпактарга жеткирүүгө багытталган эмгегинин арты менен коомдун урматына ээ болушту. Алардын көөнөрбөс руханий мурастарды бөксөртпөй сактоого, элдин маданий казынасын байытууга кошкон салымдары жогору бааланат.

Жээнбеков мамлекет маданият, ата-бабалардан калган көөнө өнөрдү сактап, андан ары өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бөлүп жатканын белгилеген.

«Бардык багытта — адабият, театр, кино, сүрөт, музыка жаатында жаңы  табылгалар менен улуттук маданиятты өнүктүрүп жатканыңыздар үчүн ыраазылык билдирем. Сиздердин баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!», — деп жазылат куттуктоодо.

Бүгүнкү күндө Маданият министрлигинин тутумундагы жалпы кызматкерлердин саны 11 508 адамды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM