Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы Абылгазиев Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 1231 | 0

Ташкентке иш сапары менен барган Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушуусунда эки тараптуу соода- экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегин талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен болгон туруктуу диалог эки тараптуу кызматташтыкты жаңы баскычтарга чыгаргандыгын айтып, өзгөчө чек ара маселелеринде жетишилген жыйынтыктарды белгиледи.

Ошондой эле, ал Президент Сооронбай Жээнбековго жакшы тилектерди каалоо менен бирге салам жолдоду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан Өзбекстан менен коңшулук жана бир туугандык мамилелердин бекемделишине өзгөчө маани бере тургандыгын белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, айыл чарба, өнөр жай, маданият жана гуманитардык кызматташууга өзгөчө көңүл бурдурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери жана мындан ары өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Белгилей кетсек, 2016-жылдан баштап Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү үч эсе көбөйгөн.

Copyright © 2017 Maral FM