Биз менен байланышыңыз

Ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 429 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата Ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн «Даңк» медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Эркебек Аширходжаев  — Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги;

Камчибек Зикиров — Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун №3 батальонунун (Ош ш.) командири, милициянын полковниги;

Идирис Масыдыков — Баткен облусунун Баткен районунун ички иштер бөлүмүнүн Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын улук участкалык уполномоченныйы, милициянын капитаны;

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана Президенттин энчилүү сааты менен Ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлери сыйланды.

 

Copyright © 2017 Maral FM