Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбеков Бишкекке учуп келди (видео)

Кыска кабар , Спорт | 1 Ноя 2019 | 1638 | 0

Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбеков Бишкекке учуп келди. Балбанды Манас аэропортунда салтанат менен тосуп алышты. Иш-чарага спортчунун ата-энеси, туугандары, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, тийиштүү спорттук мекемелердин жетекчилери жана күйөрмандар катышты. Дүйнө чемпионуна ак калпак кийгизишип, чепкен жабышты.

Улукбек Жолдошбеков Венгриянын Будапешт шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатында эркин күрөштөн чемпион болду. Жалпысынан беш кармаш өткөргөн. Финалда алтын байге үчүн Индия балбаны Равиндер Равиндерди 5:3 эсебинде утуп алды. Венгер жеринде Кыргызстандын желеги желбиреп, мамлекеттик Гимни жаңырды.


Кыргызстандын балбаны Улукбек Жолдошбеков U23 дүйнө чемпиону!


Улукбек Жолдошбеков финалда алтын байгени кантип утканын төмөндөгү видеодон көрүңүз.

Copyright © 2017 Maral FM