Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын балбаны Улукбек Жолдошбеков U23 дүйнө чемпиону!

Кыска кабар , Спорт | 31 Окт 2019 | 1008 | 0

Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Улукбек Жолдошбеков 23 жаштагылар арасында дүйнө чемпиону болду. Алтын байге үчүн финалдык беттеште ал Индия балбаны Равиндер Равиндерди 5:3 эсебинде утуп алды. Венгер жеринде Кыргызстандын желеги желбиреп, мамлекеттик Гимни жаңырды.

Мелдештин жүрүшүн Бириккен Күрөш уюмунун “unitedworldwrestling.org” сайты түз алып көрсөттү.

61 кило салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков жарым финалда япониялык Рютаро Хаяманы утуп, финалга чыккан. Чейрек финалда казакстандык Даулет Тажибайды 6:0 эсебинде, 1\8 финалда украиналык Валентин Блясецкийди жеңди.

Улукбек бул мелдеште квалификациялык этаптан баштап күрөшүп, анда түрк балбаны Селехитдин Сертти уткан болчу.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты 28-октябрда Венгриянын борбору Будапешт шаарында башталган. Мелдеш 3-ноябрда аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM