Connect with us

Президент: Милициядан жардам таппай, өлкө жетекчилигине кайрылган ишкерлер бар

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 1136 | 0

Милициядан жардам таба албай, түздөн-түз өлкө жетекчилигине кайрылууга аргасыз болгон ишкерлер бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган салтанатта президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал бизнести коргоо, ишкерлерди колдоо укук коргоо органдарынын милдети экенин белгилейт.

Ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылбасак — экономиканын  өнүгүүсү, бюджеттин көбөйүшү, эмгек акынын, пенсиянын, жөлөкпулдардын жогорулашы мүмкүн эмес. Силердин айлыгыңар дагы 1-январдан көтөрүлмөк эмес. Айрым учурда ишкерлер милиция кызматкерлеринен жардам таба албай, аларга ишенимдин жоктугунан түзмө-түз өлкө жетекчилигине кайрылууга аргасыз болуп  жатышат. Бизнести коргоо, ишкерлерди колдоо — баарыбыздын милдетибиз экенин дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет. Бизнести коргоо — силерге коюлган өзгөчө тапшырма. Силердин милдетиңер — мыйзамсыздыкка жол бербей, бизнеске коопсуз шарт түзүү.

Жээнбеков сөз сүйлөп жатып, милицияны уюшкан кылмыштуулукту жоюуга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле баңгизат менен күрөшүүнү күчөтүүнү тапшырды.

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM