Биз менен байланышыңыз

«Doing Business» рейтинги: Кыргызстан артка кетти

Экономика | 29 Окт 2019 | 1528 | 0

Бүткүл дүйнөлүк банк жыл сайын бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча рейтинг жарыялайт. Анда өлкөдөгү ишкердүүлүк үчүн түзүлгөн шарттар, ишкананы, менчикти каттоо, эл аралык соода, насыя алуу багыттары боюнча көрсөткүчтөр пайдаланылат. Бул көрсөткүчтө Кыргызстан 2018-жылы 190 мамлекеттин ичинен 70-орунду ээлеген болсо, быйыл 10 орунга төмөндөп, 80-катарга жайгашты. Адистер «Doing Business» рейтинги өлкөнүн инвестициялык абалына таасирин тийгизерин белгилешет.

Ишкерлерге убадаланган шарттар

2018-жылы бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча «Doing Business» рейтингинде Кыргызстан 70-орунду ээлеген. Анда Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар менен максималдуу камсыздоо боюнча чараларды иштеп чыгуу багытында активдүү иштер жүрүп жаткандыгын  жана бул багытта аракеттер уланарын баса белгилеген.

Бирок Дүйнөлүк банк жарыялаган рейтингде быйыл Кыргызстан 2018-жылга салыштырмалуу 10 орунга төмөндөп, 80-катарга жайгашты.

Экономист: дүйнөдө экономика жаатында атаандаштык аябай күчөдү

Экономист Искендер Шаршеев «Doing Businessтеги» көрсөткүч «Кыргызстан артка кетти» дегенди эмес, башка өлкөлөр салыштырмалуу алдыга жылганын билдирет дейт.

-70-орундан 80-орунга түшүп жатабыз. Бирок ошону менен бирге башка упайларды карасак, анда 10 чакты көрсөткүчтөр боюнча өсүүлөр бар. Бул деген Кыргызстан артка кеткендик эмес, башка өлкөлөр алдыга кетип, биздин өлкөнүн экономикасынын ылдамдыгы жай болгонун билдирет. Дүйнөдө атаандаштык аябай күчтүү болууда. Бардык өлкөлөр ишкерлер үчүн өзүнүн шарттарын жакшыртып жатат. Ал эми бул жаатта Кыргызстандын аракеттери жетишпей жаткандай. Акыркы күндөрү ишкерлерге күч колдонуу болду, криминал боюнча жаңылыктар көбөйүүдө. Жалпылап айтканда, “ишкерлерге шарттар жакшырып кетти” деп айтуу кыйын, бирок “өтө начарлап кетти” деген да туура эмес болот.

«Doing Business» рейтингинин коомдогу орду жана ага тийгизген таасири

“Бүткүл дүйнөлүк банк жарыялаган рейтинг инвесторлор үчүн маанилүү. Экономист Кубан Чороев муну менен кайсы өлкөдө ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн аныктоого болорун айтты.

-Бул рейтинг — инвестициялык климаттын негизги көрсөткүчтөрү болуп саналат. «Doing Business» инвесторлор үчүн өтө маанилүү рейтинг болуп эсептелинет. Ал жыйынтыктар аркылуу Дүйнөлүк банктын критерийлери менен кайсы мамлекетте ишкерлер үчүн кандай шарттар түзүлгөндүгү, бизнести ачуу, электр энергияга болгон жеткиликтүүлүк жана башка бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөр каралат. Кандай гана инвестор болбосун, ири масштабда анализ кылганда бул көрсөткүчкө сөзсүз көңүл бурат.

Маматалиев: бизнеске шарт түзүү — Өкмөттүн милдети

Ал эми депутат Марлен Маматалиев ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүү Өкмөттүн, анын ичинде экономика министрлигинин милдети экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандагы ишкерлерге түзүлгөн шарттар эмес, тоскоолдуктар тууралуу кеп кылып, ага мисал катары курулуш тармагындагы ишкерлердин көйгөйлөрүнө токтолду.

-Бүгүнкү күндө бизнес көп нерседен кыйналып жаткан кези. Өткөн жылдан бери көрүнүктүү, байкалган жылыштар болгон жок. Мисалы, курулуш тармагын алалы. Бул тармак акыркы 2-3 жылда өнүгүп баштады эле, бирок азыр кыйла жайлап калды. Курулуш жаатында бизнес курам деген адамга уруксат алуу процедурасынан баштап, документтерин толук бүткөнгө чейин бир топ кыйынчылыктар бар. Бир үй куруш үчүн долбоор чийгенге 6 ай кетет. Ички болобу, же сырткы инвесторбу — жарым жыл -бул алар үчүн аябай көп убакыт. Тилекке каршы, мындан башка да кыйынчылыктар бар. Алардын баарын жоюу зарыл. Ошондо гана рейтингдердин сап башына көтөрүлөбүз.

«10 жыл мурунку маселелер бүгүнкү күндө да чечилген эмес»

Жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө тоскоолдук кылган негизги факторлор аныкталган. Алар: коррупция жана жеке мүлк кол тийбестигине кепилдиктин жоктугу. Бул тууралуу экономист, көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек айтты. Ал 2018-жылга салыштырмалуу ишкерлерге түзүлгөн шарттар боюнча төмөнкүдөй өзгөрүүлөрдү байкаган.

-Былтыркы жылга салыштырмалуу өзгөрүүлөргө, балким, мораторий киргизилгенин жана бизнес-омбудсмен институтунун пайда болушун айтса болот. Бирок  Грузиядагыдай же Армениядагыдай реформалар ишке ашты деп айта албайбыз. Анткени акыркы учурларда ишкерлердин коопсуздук маселеси, жеке мүлк кепилдиги, саясий стабилдүүлүк сыяктуу маселелер дагы эле курч бойдон турат. Бул көйгөйлөр чечилген жок. Ишкерлер 10 жыл мурун айтып келаткан маселелер кандай чечилбеген болсо, азыр деле ошол бойдон турат.

Ал Кыргызстандын ичинде да орто жана чакан ишканалардын абалы, аларга түзүлгөн шарттар жана кемчиликтер боюнча изилдөө жүргүзүү зарыл экендигин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, «Doing Business» рейтингинде ишкердүүлүк үчүн жагымдуу өлкөнүн үчилтигине Жаңы Зеландия, Сингапур жана Гонконг мамлекеттери кирген. Ал эми эң арткы катарда Венесуэла, Сомали өлкөлөрү жайгашкан.

Бул категорияда коңшу Казакстан 79,6 упай менен 25-орунда турса, Орусия 78,2 упай менен 28-катарды ээлеген. Ошондой эле Өзбекстан 69-орун (көрсөткүчү — 69,9), Тажикстан 106-орун (көрсөткүчү — 61,3) жана Кытай 31-катарда (көрсөткүчү — 77,9) турат.

Copyright © 2017 Maral FM