Биз менен байланышыңыз

28-октябрга карата аба ырайы: Тоолуу райондорго кар түшөт

Кыска кабар | 27 Окт 2019 | 896 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Ош облусунун тоо этектериндеги райондорунда жаан, тоолуу райондорунда болсо кар жаайт. Түздүктөрүндө күн ачык болот. Баткен, Ысык-Көл облустарында күн ачык болуп, тоолуу аймактарында кар түшөт. Чүй, Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарында күн ачык болот.

Шамал батыштан согот. Ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8,  күндүз +15…+20

Таласта түнкүсүн -1…+4,  күндүз +14…+19

Баткен аймагында түнкүсүн +4…+9,  күндүз +17…+22

Ош, Жалал-Абад облустарында  түнкүсүн +4…+9,  күндүз +18…+23

Ысык-Көлдө  түнкүсүн -1…+6,  күндүз +12…+17

Нарын облусунда  түнкүсүн 0…-5,  күндүз +9…+14

Бишкекте 28-октябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +17…+19. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Copyright © 2017 Maral FM