Биз менен байланышыңыз

Президент: Абдыкадыр Орозбеков мекенге ак кызмат кылуунун бийик үлгүсүн калтырды (сүрөт)

Кыска кабар | 26 Окт 2019 | 728 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-октябрда, Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Ири мамлекеттик ишмер, тарыхта ысымы түбөлүк өчпөс болуп калган Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маараке салтанатын белгилөө — биз үчүн сыймык, — деди мамлекет башчы өз сөзүндө.

Жээнбеков белгилегендей, Орозбеков жаш кезинен эмгекке бышып, билим алуунун ордуна кара жумуш менен маңдай терин агызып, оор турмуштун азабын көргөн. Мындай татаал жашоо-шартты башынан өткөргөнү, карапайым калктын көйгөйлөрүн жакындан билгендиги — анын саясий көз карашынын калыптанышына эбегейсиз салым кошкон.

Бүгүн Кыргызстаныбыздын ар бир жараны, мамлекеттик кызматкерлери, жаш-карысына, улутуна карабай Абдыкадыр Орозбековдун мамлекетке кылган кызматын өзүбүзгө үлгү катары кабыл алуубуз керек. Анын жолун улап, ар кимибиз өлкө үчүн салымыбызды кошсок, келечекте өнүккөн мамлекетти курабыз. Элибиз үчүн ынтымак менен биримдиктен, эркиндик менен эгемендиктен өткөн дөөлөт жок! Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун! Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун!— деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле Жээнбеков Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө эч ким тана алгыс тарыхый орду бар экендигин айтып, анын элди, жерди сүйүүнүн, мекенге таза кызмат кылуунун бийик үлгүсүн калтырып кеткендигин белгиледи.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM