Биз менен байланышыңыз

Жумабеков сууда сүзүү боюнча Азия чемпионуна саат белек кылды

Кыска кабар | 26 Окт 2019 | 652 | 0

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону Денис Петрашовго энчилүү саат тапшырып, аны жеӊиши менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

«Өлкөбүздөн таланттуу спортчулар чыгып жаткандыгы өтө кубанычтуу. Спорт жаатындагы силердин жетишкендиктериӊер, силер жараткан ийгиликтер командаӊардын өлкө үчүн кандай мээнет кылып, аракет көрүп жатканынан кабар берет. Андыктан биз силер менен чексиз сыймыктанабыз жана силерди ар тараптан колдоого даярбыз»,- деди Жумабеков.

Ошондой эле ал жакын арада Кыргызстанда стадион, бассейн, хоккей талаасы өӊдүү бир катар спорттук объектилер курула тургандыгы тууралуу кеп кылып, Денис Петрашовго чыӊ ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Денис Петрашов Индияда өткөн сууда сүзүү боюнча мелдеште 200 метрлик аралыкты 13,81 секундда сүзүп өтүп, биринчи келген. Жалпысынан бул мелдеште ал бир алтын жана эки күмүш медалга ээ болгон. Мындан сырткары, ал дүйнө чемпиондугуна катышып, 2020-жылы өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Copyright © 2017 Maral FM