Биз менен байланышыңыз

Өзбек жарандары Кыргызстанга 600 миң долларды мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылган

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 671 | 0

Өзбек Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан Кыргызстанга 600 миң доллардан ашуун сумманы мыйзамсыз киргизүү аракети токтотулган. Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан “Наманган-Касансай” жолунда “Каптива” үлгүсүндөгү авто текшерүүгө алынып, унаа ичинен 605 миң 136 доллар накталай акча чыккан. Бул тууралуу СА-Ньюс маалымат агенттиги билдирди.

Кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Наманган районунун тургуну Нийматулло Вохидов кармалган. Ал чет элдик валютаны Ташкент жана Наманган тургундарынан алып, мыйзамсыз өтмөктөр аркылуу кыргызстандык жаранга тапшырмак болгон. Жеткирип бергендиги үчүн сумманын бир мерчемин сыйлык акы катары алмак.

Учурда бул факт боюнча  кылмыш иши козголуп, бул ишке тиешеси барлар такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM