Биз менен байланышыңыз

9 ай ичинде өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 205 млн чыгым болду

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 418 | 0

9 ай ичинде республиканын аймагында 28 өзгөчө кырдаалдар катталып, анын кесепетинен 11 жаран каза болгон. Келтирилген материалдык чыгым 205 млн. 768 миң 300 сомду түзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2018-жылдын 9 айына салыштырмалуу 2019-жылы өзгөчө кырдаалдардын саны 69,6% пайызга, ал эми келтирилген материалдык чыгым өткөн жылга салыштырмалуу 82,7%га азайган. Өзгөчө кырдаалдардын санынын азайышын бирден бир себеби болуп, республиканын аймагында аба ырайы туруктуу болгондугунан болгон.

Ар кандай өзгөчө кырдаалдардан жыл башынан бери 212 адам куткарылып былтыркы жылга салыштырмалуу куткарылгандардын саны 42,5 % көбөйгөн.

9 айында 2990 өрт кырсыгы катталып, салыштырмалуу 21,2 % азайган, өрттүн кесепетинен 34 жаран каза болуп, келтирилген материалдык чыгым 556 млн. 201 миң 022 сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 26,3 % азайган.

Copyright © 2017 Maral FM