Connect with us

Мунайга коюлган чектөө — аткезчиликтен арылуу аракети

Экономика | 23 Окт 2019 | 802 | 0

Күйүүчү май рыногундагы аткезчилик маселеси коомчулук тарабынан бир топ убактан бери көтөрүлүп, бул жагдайга чекит коюу зарылдыгы айтылып келет. Өкмөт  күйүүчү майдын айрым түрлөрүн автоунаа менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салды. 

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2018-жылдын 10 айында мунайзаттын көмүскөдөгү үлүшү сырттан ташылып келген күйүүчү майдын жалпы көлөмүнүн 25,2 %ын же 12 млн сомду түзгөн. Ал эми 2017-жылдын 10 айында болсо, бул көрсөткүч 12,8% же  5,3 млн сомду түздү. 2019-жылдын январь айынан тарта июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзаты өлкөгө ташылып келинген.

Эми өкмөттүн чечимине ылайык, Кыргызстанга күйүүчү майдын айрым түрлөрүн автоунаа менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Мындай чечим көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүнү чектөөгө багытталган.

Экономика министрнин орун басары Эльдар Алишеровдун айтымында, өкмөттүн чечими 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Ага ылайык, күйүүчү майларды темир жол менен гана ташууга уруксат берилет.

— Эми күйүүчү майдын айрым түрлөрүн Кыргызстанга автоунаа менен ташып келүүгө тыюу салынат. Күйүүчү жана майлоочу майларды бир гана темир жол менен ташууга уруксат берилет. Ошол эле учурда 20 литрге чейин өзүнүн керектөөсү үчүн унаа менен алып кирген жеке жактарга, унаанын техникалык мүмкүнчүлүгүнө жараша өзүнө куюлган каражатка бул чектөөнүн тиешеси жок.

Өлкө ичинде өндүрүлгөн күйүүчү майлар калктын керектөөсүн толугу менен жаба албайт жана импорттун эсебинен камсыздалууда. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80% Орусиядан келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуктар Маматов өкмөттүн бул амалын туура деп эсептейт. Ал белгилегендей, негизинен Казакстанда өндүрүлгөн күйүүчү майлардын аткезчилик жол аркылуу келгендери унаа менен ташылат.

-Негизинен күйүүчү май ташуу боюнча Казакстан менен өкмөттөр аралык келишим жок. Алардан расмий түрдө мунай ташууга квота алган эмеспиз. Бүгүнкү күндө Казакстандан жүк ташуучу автоунаалар аркылуу аткезчилик жол менен күйүүчү майлар ташылууда. Ошондуктан өкмөттүн чечимин туура деп эсептейм. Эгерде сырьё катары чийки заттар болсо, аларды сөзсүз темир жол менен ташып келиш керек.

“Унаалар менен күйүүчү май ташууга тыю салуу — эл көрсүн үчүн гана кабыл алынган чечим.” Мындай пикири менен депутат Марлен Маматалиев бөлүштү. Анын белгилешинче,  бул чечим майда аткезчилик менен күрөшүүдө гана жыйынтык берет:

-Чектөө коюу менен чоң аткезчиликтин кичинекей бөлүгү менен гана күрөш болуп жатат. Бирок сөзсүз түрдө ал өзүнүн жыйынтыгын берет. Биз көрүп жатабыз, аз-аздан болсо да ташыгандар көп. Акыркы күндөрү бюджеттин аткарылышы боюнча да чоң маселе  көтөрүлүүдө. Бажыда, Салык кызматында да кемчиликтер көп болуп жатат. Бул күйүүчү майларды унаа менен ташууга киргизилген тыюу — өкмөттүн отчет берер алдындагы бир иш-чарасы деп ойлойм. Биз бул маселелерди көтөргөндө, аларда “аткезчилик менен күрөшүп жатабыз” деген жооп жок болуп калып жатпайбы!?

Экономист Эркин Абдразаков мунай ташуудагы коюлган чектөөнү жеке адамдардын кызыкчылыгы катары баалады. Анын кошумчалашынча, өкмөттүн чоң көйгөлөрдү унутта калтырып, пиар менен алектенгенинен жыйынтык болору күмөн.

-Мындай чечимди өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, башкаларды астына келсин деп, дагы бир азамат ойлоп тапса керек. Өкмөт “бюджеттин жакшы жактарын толтуруу, булактарын көбөйтүү, кыштан кантип аман-эсен чыгабыз?” деген маселелердин ордуна болбогон бирдемелерди ойлоп таап жатышат. Бул балдардын өкмөтү болуп калбадыбы. Калп эле “контрабанданы тигиндей, мындай кылып туралы” деген менен көмүскөдө сүйлөшүүлөр уланат. Ошондуктан бул чектөөлөргө көп деле ишене берген туура эмес деп ойлойм.

Абдразаковдун айтымында, чектөө коюунун ордуна бажыдагы паракорлукту жана кошуна Тажикстанга тонналап өткөн күйүүчү майды жолго салуу туура кадам болмок.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизель отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 млн. 300-400 миң тоннаны түзөт. Анын 300 миң тоннадан ашыгы Кыргызстанда өндүрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM