Биз менен байланышыңыз

Футзал: 24-октябрда Кыргызстан менен Түркмөнстан беттешет

Кыска кабар , Спорт | 23 Окт 2019 | 618 | 0

Футзал боюнча 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигине тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курамасы Түркмөнстан жана Ирандын командалары менен беттешет. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Бүгүн, 23-октябрда Ирандын Урмия шаарында оюндар старт алат. Жалпы беттешке 7 команда катышат. Алар А жана В тайпаларына бөлүштүрүлгөн:

-А тайпасына: Өзбекстан, Тажикстан, Непал, Афганистан;

-В тайпасына: Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан.

Эртең, 24-октябрда Кыргызстандын курамасы Түркмөнстандын командасы менен оюн өткөрөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.

Ал эми улуттук курам 25-октябрда Ирандын командасы менен саат 20:30да беттешет.

Copyright © 2017 Maral FM