Биз менен байланышыңыз

Чубак ажы Жалилов: Эки үй-бүлөм менен тең жашайм

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 9089 | 1

«Эки үй-бүлөм менен тең жашайм. Убактымдын баары тең бөлүштүрүлгөн. Оор эмес, бирок коомдо мындай  түшүнүк калыптанбагандыктан, ар кандай ой-пикирлер айтыла  берет экен».

Мындай пикирин мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак ажы Жалилов журналист Майраш Базлакунованын Ютуб каналына берген маегинде айтты.

«Анализдеп отура турган болсоң, сүйлөп жаткандардын өздөрүндө экиден көп үй-бүлөсү бар, бирок алардын баары жашыруун. Өздөрү — экинчи аял,  анан эле чыгып алып сүйлөй беришет “неге мындай?” деп. Бул — эки жүздүүлүк, жубайларды урматтабагандык, балдарды сыйлабагандык«, — деп билдирди Чубак ажы Жалилов.

Ошондой эле ал бардык эркек эки аял алышы керек деген түшүнүктөн алыс болууну белгилеп, экинчи аялды эч нерседен кем кылбай багуу милдети бар экенин кошумчалаган.

«Биздин коомдо мусулманчылыкты дароо эле эки аял алуудан баштап алгандар бар. Же намаз окубайт, же орозо тутпайт, ичкени арак. Мусулманчылыкта бул нерсе кандайча таризделет, аны аларга түшүндүрүп берүү шарт», -деди Чубак ажы Жалилов.

Copyright © 2017 Maral FM