Биз менен байланышыңыз

Ош: 400 түтүн жашаган жаңы конушка алгачкы жолу таза суу чыгарылат

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 475 | 0

Ош шаарына караштуу 222-223-кварталга 4,5 чакырым аралыктан түтүкчө аркылуу таза суу тартылууда. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Таза суу Кара-Суу районунун Беш-Мойнок участкасынан тартылып, аталган кварталдагы мектеп жана бала бакчанын ордуна жеткирилет. Таза суу тартуу иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашууда.

Таза суу курулуп жаткан мектептин жана пландалып жаткан бала бакчанын ордуна чейин жеткирилет. Мындан тышкары эки конуштун башына экиден төрт жерге суу чыгарылып, сыйымдуулугу 50 метр куб суу кампа курулат. Жалпы кварталдардын ичине да суу тартуу боюнча долбоор даярдалууда”,- дейт Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шумкарбек Пайзиев.

Аталган кварталдар мурда Жибек-Жолу аймактык кеңешти аталып, Ош шаарынын четиндеги жаңы конуш болуп эсептелет. Жаңы конушта бүгүнкү күндө 400дөн ашуун үй-бүлө жашап, таза сууну ташып ичип келишет. Сугат сууну “Южный” каналы аркылуу пайдаланышат.

Copyright © 2017 Maral FM