Биз менен байланышыңыз

Футбол. Кыргызстан курамасы ФИФАнын рейтингинде 3 баскычка көтөрүлөт

Кыска кабар , Спорт | 22 Окт 2019 | 702 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) рейтингинде 94-орунга көтөрүлөт.

ФИФАнын жаңыланган рейтинги 24-октябрда чыгат. Football-rankings.info порталынын маалымдашынча, улуттук кураманын октябрь айында 2022-дүйнө чемпионатына жана 2023-Азия Кубогу мелдешине тандоо турунда 2 беттеш өткөрүп, экөөндө тең жеңишти камсыздаган. Бул ийгилктерден улам курама команда 3 баскычка көтөрүүлүп, 94 сапка чыгат.

Эске сала кетсек, Александр Крестининдин шакирттери 10-октябрда өз үйүндө Мьянманы 7:0 эсебинде утуп жолго салса, 15-октябрда Улан-Батордо Монгол курамасын 1:2 эсебинде жеңип кайткан.

Copyright © 2017 Maral FM